"Жаңы технологияларды колдонуу менен окуучулардын билим сапатын жакшыртуу"

Отправлено 1 нояб. 2016 г., 10:27 пользователем Эльвира Ашырова   [ обновлено 1 нояб. 2016 г., 10:29 ]
2016-2017-окуу жылынын 27-октябрында мектепте план боюнча райондук масштабдагы "Жаңы технологияларды колдонуу менен окуучулардын билим сапатын жакшыртуу" темасында семинар болуп өттү.Семинарга  Ысык-Көл райондук  Билим Берүү бөлүмүнүн башчысы жетектеген райондук мектептердин мүдүрлөрү,орун басарлары катышышты. Бардык пландалган ачык предметтик сабактар, ачык тарбиялык сааттар "Билим ТВ"каналын, интерактивдүү доскаларды, проекторлорду колдонуп өтүлдү.Ошону менен бирге "Өзүн-өзү башкаруу структурасынын"(мектептин парламентинин) иши менен таанышышты да, "Инсан жана тарых"деген драма, "Эне тилим-эне сүтүм" деген темада көркөм окуу жана  чакан концерт менен аяктады. Келген коноктор семинар жогорку деңгээлде уюштурулуп жакшы өткөндүгүн айтып кетишти.
Альбомго шилтеме:https://goo.gl/photos/Bhcqo97siGZey2ma7

Comments