САБАКТЫН ЗАМАНБАП ПЛАНДАРЫ

Документ Google
Презентация Google
атанын тагдыры

Окуу болумунун башчысы:__________________ Жунусов Б.А.

Математика 6-класс 27-октябрь 2017-жыл

1.Сабактын темасы: Ондук болчоктор жана алар менен болгон амалдар темасына

карата жыйынтыктоо сабагы. (4 сааттын 1-сааты)

2.Сабактын максаты: 1.Окуучулардын математика сабагында ондук болчок, ондук

болчокторду салыштырууну, ондук болчокту кошуу жана кемитуу,

кобойтуу жана болуу боюнча билимдерин аныктоо.

2. Логикалык ой жугуртуусун остурууго карата конугуулорду аткаруу

менен алган билимдерин практикада колдонууга уйронот.

3. Турмуштук мисалдарга жана жаратылышка байланыштыруу менен

окуучулардын математика илимине кызыгуусу артат, тез жана

туура иштоого жетишет.

3.Сабактын тиби: Билимдерди жана билгичтиктерди калыптандыруу.

4. Сабактын жабдылышы:Карточкалар, уламыштар, матем. куплеттер, ж.б.

5.Сабактын методу: Саякат жана мелдеш сабагы.

6.Сабактын журушу: 1) Уюштуруу, жоктоо.

2).Мугалим тарабынан билдируу: ( 2 мин)

"Жылдыздуу асманга саякат" ( уламыштан узунду):

Жылдыздуу асманда 88 топ жылдыздар бар.Чон кичи жетиген, Алтын казык, Уркор ж.б.

23-сентябрь кузгу кун-тун тенелуу куну. Эл ичинде топ жылдыздар жонундо легендалар айтылып журот. Мисалы Чон жетиген топ жылдызын 7 каракчы дешкен. Качандыр бир убакта Уркор деген кишинин Улпулдок деген сулуу кызын ошол каракчылар уурдап кетишкен. Улпулдок сулуунун атасы Уркор азыркыга чейин каракчылардын артынан тушуп, куну-туну бою издеп журот экен. 7 каракчы болсо Кичи Жетигендин Ак сары ат жана Кок сары ат деген кулук аттарына коз салып журушот экен. Ал эми ал аттар Алтын казыкка байланып багылат дейт..Каракчылар аттарды уурдаш учун туну бою андып чыгышат. Тан атып кетип, алар аттарды уурдай албай калышат да кайрадан карангы киришин кутушот экен. Ошондуктан кеч кирээри менен да Уркор Улпулдок сулуу кызын издеп чыгат экен, ал эми 7 каракчы болсо Кичи Жетигендин аттарын уурдаш учун асманда жымындап жылдыз болуп чыга калышат экен дейт уламыштарда.

Анда эмесе балдар, ошол жылдыздуу асманга саякаттоо менен космоско да саякатка чыгалы:

1-окуучу: Айлана теребел салтанат

Мына эми ачык сабак башталат

Илимге жаныдан кол сунган,

Бактылуу жаштарбыз жаш канат.

2-окуучу: Кайсы илим адамдарга,

Кабат-кабат уйлорду курдурткан.

Кайсы илим айга карай,

Ракетаны учурткан.

3-окуучу: Кана балдар, талыкпастан,

Билим кенин казалы.

Биздин доор космос доору,

Алга карай щащалы.

4-окуучу: Кораблди башкарып,

Кок денизде муз жарып,

Самолетту башкарып,

Ар онорго жарагын.

Жакшы билген аны учун,

Математика сабагын.

5-окуучу: Неге кокто самолет,

Кумга барып сайылбайт?

Ал анткени капитан,

Билет кайда бараарын.

Жакшы окуган жашында,

Математика сабагын.

6-окуучу: Доктор, же учкуч, же моряк

Ким болууда талабын?

Ким болсон да билип кой,

Эсине бийик туйуп кой,

Ар онорго жараган,

Жакшы окугун ал учун,

Математика сабагын.

Мугалим: Кана эмесе, балдар, силер космоско учканы турасынар, космосто бардыгы бар дешет. Ошондуктан силер эсинерге 3 нерсени гана алгыла:

1) Ким космоско эмне менен учат?

2) Сен уча турган кораблдин атын табуу керек.

3) Уча турган жерди тактоо, б.а. сыйкырдуу квадраттарды чыгаруу (сыйк.квад-тын аркы бетинде сен уча турган жердин аты жазылган).

Окуучулар 1, 2 деп санашат да, алар 2 командага болунушот.

Ар бир команда капитан командасын шайлашат. Жюрилерди дайындашат.

1) Ким эмне менен космоско учат?

Эки корабль оздорунун аттарын жана номерлерин табышат. Кораблдин аттары жашырылган болот. Окуучулар мисалдарды иштеп, мисалы 1, 203 деген жыйынтыкты таап, ал барактын 2-бетин ачса тамга жазылган болот.

1-корабль (аты жазылат, канча тамгадан турса ошончо мисал жазылып, тушуна бирден тамгалар жазылат, мисалы А-1,203))

1) 4,57+12,16=16,73

2)18,35+10=28,35

3) 26,73-10=16,73

4) 4,203-3=1,203

5) 0,2416*5=1,208

6) 4,3*1,63=7,009

7) 18,03*25=450,75

8) 12,1/11=1,1

2-корабль (аты жазылат)

1) 9а 33,6+3,74

2) 14,8*5*0,2=14,8

3) у-0,56=0,84

4) 5/4=1,25

5) 18,25/4=4,5

Мугалим кораблдин аттарын тапкан командаларга аттарын ыйгарат. Демек, ал корабль учууга даяр экендигин маалымдайт.

2) Сыйкырдуу квадраттар

3) Капитандардын беттеши.

а) Маселе берилет, тендемесин тузушот.

б) Оз онорун тартуулайт.

4) Командаларга тапшырма:

Мен бир сан ойлодум. Ал санды 0,5 ке кобойтуп, кобойтундуго 0,85ти кошуп, 7,85 ти алдык. Мен ойлогон санды тапкыла.

(х*0,5)+0,85=7,85

х*0,5=7,85-0,85

х*0,5=7

х=7/0,5

х=70/5

х=14

9.Окуучулардын топтордо иштоодогу активдуулугун эске алуу менен, капитандардын активдуулугун байкоо менен, окуучулардын сабакка катышуудагы билимдерин баалоо.

10.Уйго тапшырма беруу: № 25-30