Акыркы коңгуроо

Дата публикации: Oct 17, 2016 7:6:9 PM

27-май өзгөчө бүтүрүүчү класстар үчүн толкундоолор,себеби 11 жыл окуган мектебинде акыркы коңгуроолор кагылып, "Турмуш босогосуна"аттанышат.Бул күнү биздин мектептин 19 бүтүрүүчүсу мектебине,агай-эжейлерине,ата-энелерине арнап ырларды окуп,ыр-бийлерин тартуулашты.Ошондой эле салтка айланган "Билим ачкычын"келерки жылкы бүтүрүүчүлөргө тапшырып,аларды ар дайым билим алууга чакырышты,ал эми ачкыч алган окуучулар бүтүрүүчүлөргө ак жол каалоо менен бирге ыр саптарды арнашты. Ошону менен катар Тору-Айгыр айыл аймагынын башчысы

Орозобаев А.К жыл бою мектепте жемиштүү эмгектенген мугалимдерге ардак грамоталарды тапшыруу менен бирге акчалай сыйлык да берди жана алдыңкы бүтүрүүчүлөр да ушундай эле сыйлыктарга ээ болушту. Ал эми мектептин ардак грамоталарына да ээ болгон мугалимдер,окуучулар болушту.Аларга акчалай сыйлыкты мектептин "Ынтымак" кам коруу кенешинин торайымы:

Сакыева Азимкул Качкынбаевна өзү тапшырды. Андан соң 10жылдык, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу, "Балдардын сынагынан сынбайсыңбы?", ж.б. кызыктуу иш чаралар өтүлдү.

Альбомго шилтеме https://goo.gl/photos/cTUUaM8JyGbiC8K99