ХРОНОЛОГИЯ ПАПКАСЫ

Нооруз-2022

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш чара уюшулду. Каада-салттардан үзүндү көрсөтүлүп, улуттук оюндар уюшулуп, ыр, бий менен коштолду.

3-март-Мамлекеттик туунун

30 жылдыгы жана 5-март- Ак калпак күнү

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде Мамлекеттик туу күнүнө карата флешмоб тартылып соцтармактарга жүктөлдү жана тарбия сааттар өтүлүп, дубал газеталар чыгарылды жана Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу тизим өткөрүлдү

23-февраль-Мекенди коргоочулар күнү

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде жыл сайын

23-февраль- Мекенди коргоочулар күнүнө карата аскердик-спорттук-маданий иш чара уюшулат

Областтык "Мыкты уюштуруучу" сынагы

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинин уюштуруу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Анапияева А.Т областтык

"Мыкты уюштуруучу-2022" сынагына катышып 1-орундун ээси болду.

Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде жыл сайын "Илим техника жана өндүрүш" жумалыгы өткөрүлөт. Жумалыктын алкагында тарбия сааттар өтүлүп, дубал газеталар чыгарылып, проект, макеттердин презентациясы уюшулуп, өнөр жай ишканаларга экскурсиялар уюшулат

"Жылдызстан" балдар жана өспүрүмдөр уюму

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде "Жылдызстан" окуучулардын өзүн-өзү башкаруу уюму иш алып барат, ар жума сайын рейддер уюшулуп, тазалыгы, тартиби талапка жооп бербеген окуучулар менен жана сабактан кечиккен окуучулар менен иш алып барышат жана ар түрдүү иш чараларды уюштурушат

Жаңы жылдык балаты

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде Жаңы жылдык балатынын алдында "Аяз атанын өнөрканасы" сынагы өткөрүлүп, ар бир класс жаңы жылдык жасалгаларды жасап келишип, жакшы жасалгалар райондук сынакка жиберилди ошондой эле окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша атайын түзүлгөн программанын негизинде "Балаты майрамы өткөрүлдү"

3-декабрь- Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү күнү

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде 3-декабрь-Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү күнүнө карата мастер класс уюшулуп, шахмат, тогуз коргоол оюну өткөрүлүп, "Жаншерик" дүкөнүнүн демөөрчүлүгү менен чакан белек баштыктары таратылды

1-декабрь- СПИДге каршы күрөшүү күнү

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде 1-декабрь-СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата дубал газеталар жасалып, класстык сааттар өтүлүп, жат жазуулар жаздырылып, ФАП кызматкерлери менен жолугушуу уюшулуп, жөө жүрүш жасалды.

Ата-Бабаларды эскерүү күнү

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мектеп китепканасында жолугушуу уюшулуп, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн басып өткөн жолу жана ага салым кошкон инсандар дөнүндө маалымат берилди

Ийрим иштери

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде "Аздек" кол өнөрчүлүк ийрими, "Керемет" ыр, бий ийрими жана Спорт (футбол, волейбол) ийрими иш алып барат

Күз майрамы

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде окуучуларды көп маданияттуулукка тарбиялоо максатында "Күз майрамы" өткөрүлөт, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша атайын түзүлгөн программанын негизинде ар бир класстын окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Жолугушуулар

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде тематикалык жана башка жолугушуулар өткөрүлүп турат, мисалы: айылдык кеңештин депутат айымдары менен кыздардын жолугушуусу, ИДН кызматкерлери менен окуучулардын жолугушуусу, эркек балдар менен мектепте иштеген агайлардын жолугушуусу, окуучулар менен жаштар уюмунун жолугушуусу ж.б

Класс жетекчилер өткөн ачык тарбия сааттар

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде класс жетекчилер бардык тарбиялоо багыттарын камтыган атайын түзүлгөн графиктин негизинде ачык тарбия сааттарды өтүшөт

Карылар күнү жана Мугалимдер күнү

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде Карылар күнүнө жана мугалимдер күнүнө карата "Кел, ырдайлы, окуучум!" иш чарасы уюшулду жана жардамга муктаж адамдардын үйүнө "Тимурчулар" кол кабыш кылышты

23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде 2021-жылдын

23-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу тизим болду жана дубал газеталар жасалып, мектеп китепканасында бурч уюшулду

15-сентябрь- Билим күнү

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде

2021-жылдын 15-сентябрында Билим күнүнө арналган салтанаттуу тизим болду

К.Эшенкулов мектебинде уюшулган ишембиликтер

К.Эшенкулов атындагы Тору-Айгыр жалпы орто билим берүү мектебинде маал-маалы менен ишембиликтер уюшулуп турат. Бул окуучуларды эмгекчилдикке тарбиялайт.

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ - Sep 28, 2015 3:42:27 AM

Дублерлор куну - Oct 26, 2015 9:4:31 AM

Куз майрам - Oct 30, 2015 8:15:35 AM

Ачык сабактар - Nov 27, 2015 1:14:47 AM

Жаңы жылдык кече - Jan 27, 2016 8:39:4 AM

НВП - Feb 22, 2016 6:4:52 AM

Ата -Энелер жыйыны - Mar 07, 2016 5:44:56 AM

Алиппе майрамы - Oct 17, 2016 6:49:46 PM

Акыркы коңгуроо - Oct 17, 2016 7:6:9 PM

Парламенттик жыйын - Oct 17, 2016 8:1:2 PM

Ата-энелер жыйыны - Oct 17, 2016 8:21:37 PM

"Эне тилим-эне сүтүм" - Nov 01, 2016 4:41:33 PM

Экскурсия - Nov 01, 2016 4:54:44 PM

Жаны жылдык балаты - Feb 21, 2018 11:15:19 AM

Манас айтуу - Feb 27, 2018 10:56:29 AM

Жолугушуу - Feb 27, 2018 11:30:57 AM

Ата-энелер жыйналышы - Mar 03, 2018 8:41:33 AM

3-март "Туу" күнү - Mar 03, 2018 8:53:36 AM

Бенефис-семинар - Apr 17, 2018 7:50:12 AM

7-апрель - Apr 17, 2018 7:52:43 AM

9-май Улуу Жениш куну - May 18, 2018 7:41:9 AM

Нооруз-2021 - Mar 26, 2021 9:15:30 AM

1-декабрь-СПИДге каршы күрөшүү күнү - Mar 24, 2021 5:6:26 AM

Онлайн күз майрамы - Mar 17, 2021 6:20:21 AM

Комуз күнү - Mar 17, 2021 6:6:56 AM