СЕМИНАРЛАР

14.01.2016-жылы "Зомбулуксуз үйбүлө жана мектеп" деген темада семинар өтүлдү. Семинарга мектептин жана бала бакчанын педагогикалык жамааты, тарбиячылар жана ата-энелер болуп 45 киши катышты.

Семинарда үйбүлөдөгү зомбулук тууралуу 5 видеоролик көрсөтүлүп, талкууланды.

Балдардын укуктары жөнүндө конвенция, ар кандай курактагы өнүгүүнүн психологиялык өзгөчөлүктору, балдарды коргоо механизмдери, наристе жана өспүрүм курактагы кризис жөнүндө маалыматтар берилди.

Материалдар ар бир катышуучуга таркатылды.