Жаңы жылдык кече

Дата публикации: Jan 27, 2016 8:39:4 AM

2015-жылдын 24-декабрында мектептин спорт залында Бишкек шаарынын "Телибай Тентек" куурчак театрынын катышуусу менен жаңы жылдык кече өткөрүлдү.

Саат 9-00дон 12-00го чейин, Даярдоо классынан 4-класска чейин кече жомок түрүндө өткөрүлүп, белектер берилди.

Саат 13-00дон 16-00го чейин 5-7-класстарга ыр-бий, оюн-зоок менен коштолуп, жагымдуу маанай тартууланды.

Саат 17-00дон 20-00го чейин 8-11-класстарга кызыктуу сынактар болуп, жеңүүчүлөр белектерге ээ болушуп, соңунда ыр-бий менен аяктады.